Бишкектин мэри Албек Ибраимовду УКМК сурак берүүгө чакырды

17:05, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мэри Албек Ибраимовду УКМК сурак берүүгө чакырды. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине аталган комитеттен тастыкташты. 

Маалым болгондой, «Дастан» ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде шаар башчысы суракка чакырылды.

 «Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бүтөөрү менен Албек Ибраимов сурактан чыгат», — дешти УКМКдан.