15:11, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg
12-июнда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Сай айыл аймагынын Керме-Тоо айылында 45 турак үйдүн огороддорун, 30 курулуш чарбаларын, ички чарбалык унаа жолду, ички чарбалык арыктарды сел каптаган. Ошондой эле 1 500 чакырым дамбаны сел суулары бузган.