Каракол шаарында биринчи жолу 4 тилкелүү жолдор курулат

15:04, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарында биринчи жолу 4 тилкелүү жолдор курулат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда узундугу 1 200 чакырым, туурасы 14 метрге жеткен Кыдыр-Аке көчөсүндө курулуш иштери жүрүүдө. 

2017-жылы аталган көчөнү калыбына келтирүү үчүн тендер өткөрүлүп, анын суммасы 54 миллион сомдон ашкан. Тендерде «СМУ ТТ» компаниясы утуп чыккан.

Жолдорду калыбына келтирүү иштери 1-июлга чейин бүткөрүлөт.