19:30
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору тендерсиз ишке ашырылат

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору тендерсиз ишке ашырылат.  Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, эгерде тендер өткөрүлө турган болсо, анда мамлекет бюджеттен акча бөлүшү керек. Бирок, долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат жок.

«Сынак өткөрүп аз өлчөмдөгү бааны сунуштаган компанияны тандап алуу чечими кабыл алынды», — деди Кубатбек Боронов.

Ал кошумчалагандай, өкмөт долбоорду өз эсебинен ишке ашыра турган өнөктөш компанияны табуу ниетинде.

Эң көп окулган жаңылыктар