11:50, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg
16-июндан тартып Бишкектеги көчөлөрдүн айрым бөлүгү жабылат. Бул тууралуу шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин төмөнкү жагындагы Үсөнбаев көчөсү жабылат. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин уланат.
Ошондой эле, Айни көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Оңдоо иштери Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүн ортосунда жүргүзүлүп, иш 30-августка чейин бүткөрүлөт.