18:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору күздөн баштап иштей баштайт

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору күздөн баштап иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда борбор калаага орнотулган камералардын иши талдоого алынууда. Статистика боюнча, камера орнотулган аймактарда жол кыймылы коопсуздугу сакталып, эреже бузуулар азайган.

«18-июнга карата документ иштери бүтөт. Күзүндө камераларды орнотуу иштерин улантабыз», —деди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума