Акыркы жылдары жол кырсыктарынын саны 10 эсеге көбөйдү

10:15, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек жана Ош шаарында көпчүлүк учурда айдоочулардын айынан жол кырсыктары катталат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары жол кырсыктарынын саны 10 эсеге көбөйдү.

«86,2 пайыз жол кырсыгы айдоочулардын айынан болот. 300дөн ашуун киши катуу ылдамдыктын айынан каза болду», —деди Кубатбек Боронов.

Ал билдиргендей, жалпы жол кырсыктарынын ичинен 57 пайызы Бишкек жана Ош шаарларында катталат.