Алкоголдук ичимдиктен уулангандардын саны жыл санап өсүүдө

10:05, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Алкоголдук ичимдиктен уулангандардын саны жыл санап өсүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн башчысы Улан Исманов билдирди.

Айтымында, аталган бөлүмдө 2015-жылы алкоголдон ууланган 337, 2016-жылы 431, былтыр 584 киши дарыланып чыгышкан.

Маалыматка караганда, атайын ууланып түшкөндөрдүн саны көбөйдү. Өз жанын кыюуга аракет кылып, дары-дармек, уу жана уксус ичкендер бар.