Түркияда Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев каза тапты

09:32, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Түркияда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурланбек Кадыкеев каза тапты. Мындай маалыматты «24.kg» агенттигине аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков тастыктады.

Анын айтымында, депутаттын ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөрү болгон.

«Түндө Нурланбек Кадыкеевдин туугандары менен сүйлөштүк. Ал кант диабети менен ооруп жүргөнүнө байланыштуу операция жасалыптыр», —деди Алмазбек Баатырбеков.