Чүй облусунун айрым райондорунда газ берүү токтотулат

08:51, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун айрым райондорунда 14-15-июнь күндөрү газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерин байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү айылдарда берилбейт:

14-июнда —Ленин айылы (Алма-Ата көчөсү, 6-104, 1-19, Коммунарская, 59-91, Садовая, 2-20, Подгорная, 38-50а, Ключевая көчөлөрү, 5-17, 6-14, «Бар», «У Карима», ЧП «Саметов» дүкөндөрү);

14-15-июнда — Орто-Сай айылы (Ормокоев көчөсү);

14-15-июнда -Үч-Коргон айылы.