Депутат укук коргоо органдарынын башчыларынын кесипкөйлүгүнө шектенди

15:49, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) бир мүчөсүнө ички иштер органдарынын 20 кызматкери туура келет. Бул тууралуу укук тартиби, кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Зарылбек Рысалиев билдирди.

Ал укук коргоо органдарынын башчыларынын кесипкөйлүгүнө шектенди. Анын пикиринде, УКТга каршы күрөш жүрбөй эле иштемиш болгондой түр көрсөтүлүүдө.

«УКТ менен каршы күрөшүү үчүн криминалдык авторитеттер менен сүйлөшө албаган тартип сакчылары жүрүшөт. Силердин көз алдыңарда алар турак-жайларды курушууда. Же силер күрөшүүгө алыңар жетпейт, же алар менен чогуусуңар», -деди депутат.