14:07, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдык көрүп баштады. Бул максатта алар Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка караганда, балбандар 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярданышууда. Башкы машыктыруучу Руслан Мажинов учурда кол алдындагы 12 спортчуну мелдешке даярдап жатат.