Таш-Көмүрдө ӨКМнын аскер бөлүмүнүн прапорщиги жоокерлерди сабап салды

14:01, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Таш-Көмүр шаарында ӨКМнын аскер бөлүмүнүн прапорщиги жоокерлерди сабап салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, прапорщик казармадагы жоокерлерди чогултуп аларды ур-токмокко алган.

«Жабырлануучулардын айтымында, кол көтөргөн аскер адамы мас абалында болгон. Казармадагы 24 жоокерден 9у жабыркады. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Шектүү Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинди», —деди Нурдин Сулайманов.