13:48, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн өкмөттүн ишин баалоону депутаттардан суранды. Ал мындай сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мыйзам талап кылгандай мурунку премьер-министрлердин жасаган иштери тууралуу отчет бергени келди.
«Премьер-министр алмашкан күндө дагы Жогорку Кеңеш жана эл үчүн отчет берилиши керек. Өзүңүздөр билгендей 2017-жылы 2 өкмөт иштеген, 2 программа болгон. Биринчиси 8 ай, кийинки өкмөт 4 ай иштеди», —деди премьер-министр.
Эске салсак, былтыр өкмөттү Сооронбай Жээнбеков, кийин Сапар Исаков жетектеген.