Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү № 1 тергөө абагына которулат

12:13, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү 29 жаштагы киши № 1 тергөө абагына которулат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой шектүү ооруканадан чыккан.

Эске салсак, 27-майда болжол менен саат 22:00дө Биринчи Май РИИБга кыз ала качуу боюнча билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери Сосновка айылынан окуяга тийиштиги бар делген унааны токтотушуп, ичиндеги 3 жаранды Жайыл райондук ИИБга алып келишкен. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн.