21:59
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Түркияда сойкулукка мажбурланган 13 аял кармалды. Алардын 4өө кыргызстандык

Түркия мамлекетиндеги Анталия шаарына караштуу Алания районунда жергиликтүү полиция тарабынан сойкулук боюнча атайын операция өткөрүлдү. Анда сойкулук менен алектенген 7 аял жана сойкулук кылууга мажбурланган 13 аял кармалды. Бул тууралуу Хүриет маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сойкулукка мажбурланган аялдардын арасынан 8и өзбекстандык, 4өө кыргызстандык жана украиналык 1 аял. Аларды мажбурлап иштеткендер Юсуф. Г., Хүсейин А., Хашим Г., Метин Д., Четин Е., кыргызстандык Жасмин А., өзбекстандык Ойдинай Н. көзөмөлгө алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар