09:12, 12 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү колониясындагы соттолгондор ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтан билдиришти.
Маалыматка караганда, нааразычылык билдиргендер койгон талаптарынан баш тартышты.
«54 киши ачкачылык жарыялашкан. Алардын ичинен 6 киши 11-июндан баштап тамак иче башташкан. Ошол эле түнү калгандары дагы ачкачылыктан баш тартышты. Учурда абал тынч», — деп билдирди ЖАМКтан.
Эске салсак, 5-июнда экстермизм жана террорчулукка айыпталгандар ачкачылык жарыялашкан. Алар кармоо шарттарын өзгөртүү талабын коюшкан.