21:55
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Муфтият: Ай жаңырышына карата орозо 29 күндүк деле болот

29 күндүн орозо диндин талаптарына каршы келбейт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл Орозо 17-майда башталып, 14-июнда аяктап жатат. Ал эми 15-июнь Айт майрамы катары белгиленди. Социалдык тармакта толук эмес орозо айына кабатырлануулар жазылды. 

Анын айтымында, орозо айы айдын жаңырышына карата эсептелип, 29 же 30 күн болот. 

"Бул жылы орозо 29 күн болуп жатат. Бирок туура эле. Анткени, ай жаңырышы ошого туш келип жатат. Динде толук отуз күн ооз бекитүү жөнүндө айтылган эмес" - дейт ал. 

Бүгүн Кадыр түн тосулат. 

Эң көп окулган жаңылыктар