Кыргызстанда акыркы 5 ай аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордун 120 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кармалгандардын ичинен 12си издөөдө жүргөн.
«Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн 70тен ашуун октору менен 6 даана ок атуучу куралдар, пистолет жана карабиндер тартылып алынды. Кармалгандардын 4өө криминалдык чөйрөдө жогорку наамга ээ. Май айынын башынан бери кылмыштуу топтордун 11 мүчөсү кармалды», — деп билдиришти ИИМден.