Кыргызстанда 5 ай аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордун 120 мүчөсүн кармашты

17:40, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы 5 ай аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордун 120 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалгандардын ичинен 12си издөөдө жүргөн.

«Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн 70тен ашуун октору менен 6 даана ок атуучу куралдар, пистолет жана карабиндер тартылып алынды. Кармалгандардын 4өө криминалдык чөйрөдө жогорку наамга ээ. Май айынын башынан бери кылмыштуу топтордун 11 мүчөсү кармалды», — деп билдиришти ИИМден.