01:07
USD 69.08
EUR 81.24
RUB 1.05

Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны 7 жылдан кийин артат

Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны 2025-жылдан 2028-жылдарга чейин күч алат. Бул тууралуу социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитеттин жыйынында башкы санитардык дарыгер Олег Горин билдирди.

Анын айтымында, аталган инфекция менен жабыркагандардын санынын өсүшү 13-15 жылда байкалып турат. Кыргызстанда 2013-2015-жылдар аралыгында менингит менен ооругандардын саны кыйла өскөн. 2015-жылы 394, 2016-жылы 103 учур катталган. Ошондон бери ооругандардын саны туруктуу азаюуда.

Ушул жылдын акыркы 5 айында 12 учур катталды.

«2015-жылы менингитке каршы вакцина сатып алууга 2 миллиард сомдон ашуун каражат кеткен. Учурда менингитке каршы эмдөөлөр ажыга бара турган жарандарга жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө оорунун көбөйүп кетүү коркунучу жок», -деди Олег Горин.

Эң көп окулган жаңылыктар