16:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Сокулуктагы жол кырсыгынын кесепетинен 15 жаштагы кыз каза болду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында трактор менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 50 жаштагы У.И. Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен бара жатып, 33 жаштагы Ж.О. башкарып бара жаткан тракторду сүзүп алган. Кесепетинен кичи автобустун 15 жаштагы М.М. аттуу жүргүнчүсү кырсык болгон жерден каза болду.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума