Боом капчыгайындагы унаа жолу кайрадан жабылат

14:24, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Боом капчыгайындагы унаа жолунда таш кулатуу иштери жүргүзүлгөндүктөн, кайрадан жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мекемесинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июндан 15-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 122-чакырымында атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Мындан улам, унаа кыймылдарына карата чектөө саат 9дан 15:00гө чейин киргизилет.