Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча мелдеште 12 медалдын ээси болушту

11:05, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын ачык кубогунда 12 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын жеңил атлетика боюнча федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш чара Ташкентте 9-10-июнь күндөрү өттү. Ага 600гө жакы спортчу катышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 6 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль утуп алышты.

Эркектер арасында 100 метрге чуркоо боюнча алтын медалды Жамал Мусаев, 800 жана аралыкта чуркоо боюнча Мусулман Жоломанов, аралыкка чуркоодо Айтпай уулу Бердигул алышты. Жоодар Көчкөнбаев 5 миң метр аралыкка чуркап күмүш медалдын ээси болду.

Аялдар арасында алтын медалдын ээси Арина Клещукова аралыкка чуркаган.