Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза болду

10:19, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен үй толугу менен күйүп, 1957-жылкы Т.Р.Х., аттуу жаран каза болду. 

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгышына газ түтүкчөсүнүн туура эмес колдонулушу себеп болгон.

Кошумчалай кетсек, кырсык 9-июнда болжол менен саат 16:20лар чамасында Молодежная көчөсүндө катталган.