Бишкекте уурулукка шектүү делген эки кыз кармалды

08:50, 11 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте уурулукка шектүү делген эки кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкектин тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 25-май күнү дүкөнүнөн белгисиз кыздар 5 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин айтышкан.

Ленин райондук милициясы «уурулук» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган А.к.А. жана 2000-жылы туулган А.к.А. аттуу эки кызды кармашты.