Аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан 2 миң 500 тонна солярка табылды

15:20, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Талас облусунда «Чон-Капка-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан 2 миң 500 тонна солярка табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган пунктка келип токтогон 3 унааны текшерүү убагында унаалардын багажынан, шайман панелинин астынан жалпы көлөмү 2 миң 500 тонна солярка табылган.

Жарандардын күйүүчү май үчүн документтери жок болуп чыкты. Кармалгандар ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.