Чүйдө поезд менен ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүштү

12:25, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Беловодское айылында поезд менен ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркады. Аны райондук ооруканага алып кетишти.

Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.