11:08, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасында чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Аталган чечим Кыргызстандын аймагында транспортук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоонун жана каттоодон чыгаруунун, орнотууларды жана жабдууларды каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү тартипке келтирүүгө багытталган.
Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсүнүн киргизилиши чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн каттоо тейлөөсүн өз мөөнөтүндө жана тоскоолдуксуз алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тараптан жол кыймылы коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдүн камсыздалышын жакшыртат.