15:05
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Таластык тургун 6 миң сомдук телефон уурдап, 6 жылга эркинен ажыратылды

Таласта телефон уурдаган аял 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас райондук соту 30 жаштагы Б.Е. аттуу аялды телефон уурдагандыгы үчүн 6 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдө көрсөтүлгөндөй, аял буга чейин 2 жолу соттолуп чыкканына карабай, кайрадан кылмыш ишин жасаган.

Эске салсак, ушул жылдын март айында Үч-Коргон айылдык башкармалыктан аял башкы катчынын бөлмөсүнө кирип, 6 миң сомдук телефонун уурдап алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби