«Көгүлтүр Ысык-Көл» менен «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн чектешкен аймагында өрт чыкты

10:11, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чолпон —Атадагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясы менен «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн чектешкен аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куурап калган жыгач өрттөнгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына отко кайдыгер мамиле кылуу себеп болгон.

Кошумчалай кетсек, өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды.