Июнда бензин жана дизелдик отунга болгон баалар өсөт

09:40, 08 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Июнда бензин жана дизелдик отунга болгон баалар өсөт. Бул тууралуу журналисттерге Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттап кетиши Орусиядагы өндүрүшчүлөр чыгарган баанын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу. Май айында күйүүчү майдын баасы 10 пайызга өскөн. Июнда бензин жана дизелдик отун дагы 2-3 пайызга кымбатташы күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда бензин 2 сомго кымбаттады.