Багдадда курал-жарак кампасындагы жарылуудан 20га жакын киши каза болду

18:00, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кечээ Багдаддагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан кеминде 16 киши мерт болуп, 90го жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясындагы булактар кабарлашты.

«Курал-жарак кампасы жарылды. Коопсуздук органдары жарылуунун себептерин аныктоо үчүн тергөө иштерин башташты», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, жарылуу куралдуу топтордун бирине таандык оор курал-жарактын жарылышына байланыштуу болушу мүмкүн. Медицина кызматкерлери каза болгондордун санын ырастап, алардын арасында балдар менен аялдар дагы бар экенин билдиришти.

Жарылуу шийиттер көп жашаган Садр-Сити кварталындагы мечитке жакын жерде болгон.