Өзгөн районунда 17 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти

16:19, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Төрт-Гүл көлүнөн 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон жаран 2001-жылы туулган У.уулу Н. аттуу тургун болуп чыкты.

Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.