09:46, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Кечээ Бишкектеги Чоң Чүй каналына бир киши түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, саат 15:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болбогондуктан куткаруу иштери токтотулган.
Кырсык болжол менен саат 11:48дер чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү каналда болгон