Ошто борбордук базардын жолу эки күнгө жабылат

09:22, 07 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ошто борбордук базардын жолу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Шаардын Тилеке-Баатыр көчөсүндө чуңкурларды жамоо иштери башталгандыгына байланыштуу 6-8 июнь күндөрү Тилеке-Баатыр-Ж.Райимбеков көчөлөрүнүн кесилишинен, Тилеке-Баатыр-Ы.Монуев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралыктагы жол убактылуу жабылат.