Президент Кытай менен Кыргызстандын ортосунда келишпестиктер жоктугун белгиледи

17:53, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары башталды. Ал бүгүн Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

«Кытай менен Кыргызстандын ортосунда толук түшүнүү бар. Биз алаканы жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдарбыз» — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Эки тараптуу кызматташууга ишеним менен карайбыз. Биз ортодогу мамилени өнүктүрүүгө кызыктарбыз» — деди Си Цзиньпин.

Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнда Циндао шаарында өткөн ШКУнын саммитине катышат.