Өткөн жылы Жалал-Абадда 12 аял төрөттөн каза болду

14:54, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Өткөн жылы Жалал-Абадда 12 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту Жалал-Абад областы боюнча «Аялдардын репродуктивдүү укугунун корголушу» боюнча баяндамасында айтылат.

Базар-Коргон районунун 4 тургуну, Сузактын — 4, Ноокенден −2, Аксыда — 1 жана дагы бир аял Жалал-Абад шаарынын тургуну.

Маалыматка караганда, аялдардын экөө гана кош бойлуу кезинде каттоодо турган эмес. Төртөө экстрагенитальдык патологиялардын катаалдашынан, үчөө сепсистен көз жумду.