Ошто жыл башынан бери тургундардын өз өмүрүнө кол салган 56 учуру катталды

14:48, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын «Амир Темур» кичи районунда 38 жаштагы аял ар түрдүү дарыларды ичип өз жанын кыюуга аракет жасаган. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош ШИИБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аял оор абалда ооруканага жеткирилди. Тез жардам унаасын анын туугандары чакырышкан.

Аялдын эмне үчүн мындай кадамга барган себеби такталууда.

Ведомстводон билдиришкендей, жыл башынан бери Ошто 56 тургун уулануу жолу менен өз жанын кыюуга аракет кылган.