21:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбекстанда мурдагы прокурордун иши боюнча 25 кишиге айып тагылды

Өзбекстан Башкы прокуратурасы журналисттер үчүн брифинг өткөрүп, Рашид Кадыровдун иши боюнча жалпысынан 24 кишиге айып тагылганын, анын ичинен 21и камакка алынганын кабарлады.

Башкы прокуратуранын Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Мансур Ураловдун айтымында, мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал пара алуу жана башка кылмыштарга шектелүүдө.

Эске салсак, Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров 22-февралда кармалган. Ага карата «Опузалоо», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Пара талап кылуу» беренелери менен айып тагылган.

20-мартта Рашид Кадыровдун иши боюнча жалпысынан 25 киши кармалганы, алардын арасында атайын кызмат, прокуратура жана салык инспекциясынын кызматкерлери бар экени айтылган.

Буга чейин өз булактар Рашид Кадыров уулу Алишер Кадыровго каршы көрсөтмө бере баштаганын билдиришкен. ИИМ анын уулу Алишер Кадыровго быйыл марттын башында эл аралык издөө жарыялаган. ​Ал опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча шектелүүдө.

​ Башкы прокуратурадагы булактардын маалыматына караганда, Рашид Кадыров менен анын уулунун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар тарабынан жалпысынан жарым миллиард АКШ доллары өлчөмүндөгү суммага доо арыз жазылган.

Эң көп окулган жаңылыктар