Бишкекте 16 жаштагы кыз апасына бычак сайды

12:24, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 16 жаштагы кыз апасына бычак сайды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык эне менен кызынын үй-бүлөлүк урушунан улам келип чыккан. Ачууга алдырган кызы апасын ашкана бычагы менен бир жолу сайган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

«Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, бычактан жаракат алган аялдын өздүгүн такташкан. Ал 51 жаштагы М.З. аттуу аял болгон. Ал эми ага бычак сайган 16 жаштагы К.У. аттуу кыз», -деп билдиришти аталаган кызматтан.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кызы апасынын алкоголдук ичимдик ичкенине нааразы болуп, ушундай кадамга барган.