12:14, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg
5-июнда, болжол менен саат 16:30 чамасында Ош облусуна караштуу Ноокат районунда жаан аралаш мөндүр жаады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.
Мөмө-жемиштерге аз өлчөмдө зыянын тийгизген.
Ал эми адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.