«Биз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!» аттуу флешмоб өтүүдө

11:02, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Ала-Тоо аянтында «Биз, жаштар ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!» аттуу флешмоб өтүүдө.

Иш чарага 500дөй киши чогулган. Акцияны колдоп кыргыз эстарда ырчылары келишкен.

Флешмобдун максаты — жаштардын кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдирүү. Анда катышуучу жаштар коомчулукка, ата-энелерге кайрылып, кыз ала качууга тыюу салууга жана кыздарды кыйнап эрте турмушка бербөөгө чакырышат.