15:23, 05 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Өзбекстанда Click компаниясы «Вакф» кайрымдуулук фондунун көмөгү менен милдеттүү жана ыктыярдуу төлөмдөрдү Интернет жана мобилдик байланыш аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизди.
Ага ылайык, өзбекстандык мусулмандар каалаган учурда каалаган жерде битир-садака, зекет жана башка ыктыярдуу жана милдеттүү төлмөдөрүн жүргүзө алышат.
«Вакф» кайрымдуулук фонду Юстиция министрлигинде быйыл май айында каттоодон өткөн. Фонддун башкы максаты — мечиттерди, зыярат жайларын жана башка объектилерди каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана бул тармактын кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
Исламда кайрымдуулук негизинен төрткө бөлүнөт. Биринчиси — муктаж кишилерге кайыр-садака берүү, кийинкиси — милдеттүү түрдө зекет төлөө, үчүнчүсү — муктаждарга үстөгү жок насыя берүү, акыркысы - «Вакф» колдонулбаган мал-мүлкүн, айрыкча кыймылсыз мүлкүн кайрымдуулукка жумшоо.