USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сокулукта 36 жаштагы тургун аялын жана өгөй балдарын сабап салды

10:28, 05 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук айылында 36 жаштагы тургун аялын жана өгөй балдарын сабап салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустун ИИББсы билдирди.

Маалыматка таянсак, РИИБга жабырлануучу аял келип, мас абалындагы күйөөсү өзүн жана балдарын сабагандыгын айтып арызданган. Ошол күнү жергиликтүү ооруканага ар кандай жаракаттары менен 2 жана 5 жаштагы наристе келип түшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 36 жаштагы тургунду РИИБга алып келишкен.

«Наристелердин бири бир жаш сегиз ай, экинчиси 5 жашта. Алардын апасы 23тө. Балдарды өгөй атасы сабаган. Азыр наристелердин абалы туруктуу», -деп билдиришти ооруканадан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18