Эркиндик бульварын калыбына келтирүү иштерине байланыштуу чыгыш жагы жабылат

10:16, 05 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Эркиндик бульварын кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу анын чыгыш тарабы жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй чоң көчөсүнөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки аймакта жол катмары алмаштырылып, тосмолор орнотулат. Аталган аймактагы оңдоо иштери 5-августта аяктайт.

Эске салсак, жолдорду оңдоо иштери «Бишкектин унаа жолдорунун катмарларын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.