00:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Социалдык тармактардын колдонуучулары: «Кечир бизди, Бурулай... »

Социалдык тармактарда Нурсултан Акылбек аттуу колдонуучу милициянын имаратында жырткычтык менен өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиевага кат жазды. Ал өз катында Бурулайга кайрылып, аны өлүмдөн куткара албай, коргой албагандыгы үчүн кыргызстандыктарды кечирип коюшун суранат.

Бул билдирүү колдонуучулар арасында чоң колдоо тапты.

Бурулайга жазылган кат:

«Кечир бизди, Бурулай... Биз, жаш кыз Бурулай жырткычтык менен мамлекеттик имараттын ичинде өлтүрүлүп жаткан учурда, биздин милициянын кайдыгерлигине күбө болдук. Өткөн жумада биздин өлкө бейбаш жигиттин жаш кызды ала качышы менен гана эмес, аны коргоого милдеттүү болгон мекеменин ичинде жырткычтык менен өлтүрүлгөнү дүйнөгө дүң болду.

Адам өмүрүнүн баасын биз эки башка окуя менен көрө алабыз. Грузияда өлтүрүлгөн өспүрүмдун атасы баласын өлтүргөндөрдү калкалап жатат деп прокурорлорду айыптады жана коомчулукту тилектештикке чакырды. Ири шаарларда миңдеген митингдер өтүп, башкы прокурор отставкага кетти. Митингге чыккандар премьер-министрдин жумуштан кетишин талап кылды.

Бизде болсо, ири эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнө карабай, кыргызстандык расмий өкүлдөр үн катпай жатат. 15 милиционерди жумуштан кетирдик же кетиребиз, дагы башка чараларды көрөбүз деп жазышты...

Биринчиден, ала качуу- жапайычылык, ал эми мындай кырдаалда өлтүрүү — эң оор кылмыш. Тез арада чараларды көргүлө. Мүмкүн, азыркы бар мыйзамды эле катаалдаштырып, «Бурулай мыйзамы» деп атоо керек.

Бул мыйзам кыздардын укугун коргоп, ала качууга катышкандарды катуу жазаламак. Кадрдык алмашуулар менен алек болуп жаткан жаңы шайланган өкмөт, бул кызга силердин бооруңар ооруган жокпу?», — деп жазылат катта.

Эске салсак, 29 жаштагы Таластын тургуну кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын милиция бөлүмүнө алынып келинген. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү жаран кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар