Боом капчыгайындагы жол жабылат

15:52, 04 июня 2018, Бишкек - 24.kg

4-8-июнь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Боом капчыгайынын 122-чакырымында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Жол кыймылы саат 9дан 15:00гө чейин чектелет. Кезекке туруп калган унаалардын саны 40ка жетсе таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унааларга жол берилмекчи.