Ысык-Көлдүн тургуну чымчык атам деп кошуна келинди атып алды

15:43, 04 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну тир сыяктуу тапанча менен кошуна үйдүн короосунда жуулган кийимдерди жайып жүргөн 37 жаштагы аялды атып алды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тургун короосуна конгон чымчыктарды атып жатканда болгон. 

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал кошунасына карата арыз жазган эмес.