00:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президенттин Кытайга иш сапар. Ондогон документтерге кол коюшу күтүлөт

Сооронбай Жээнбеков Кытай иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Пекинде өлкө башчысы өлкөнүн премьер-министри Ли Кэцян жана Бүткүл Кытайдын улуттарынын туруктуу жыйынынын комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.

Ондогон документтерге кол коюлушу күтүлөт.

«Эки тарап стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюшат. Бул Кытай менен Кыргызстандын алакасынын жаңы барагын ачат», — дейт өлкө башчысынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Эки өлкө газ түтүгүнүн курулушу, Кытайга экспорт боюнча келишимдин протоколун өзгөртүшөт.

Андан тышкары, Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнда Циндао шаарында ШКУнун саммитине катышат.

Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы талкуулар Кытай менен мамиле кедергисин тийгизери жогорку трибунада айтылган. Ал эми Кытай тарап ТВЕА менчик ишкана экенин, Кыргызстандын ички ишине кийлигишпестигин айтып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума